Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөткөн жок

872

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алды. Аны 105 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берди. Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылык “Ата Мекен», “Республика Ата-Журт” жана «Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишин «канааттандырарлык эмес» деп баалаган. Анда негизги талкуу Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, «Акылдуу шаар» долбоору, Бишкек ЖЭБиндеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болду.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти.