Жогорку Кеңеш жаңы министрлерди жактырды (видео)

511

Жогорку Кеңеш 2 жаңы министрди дайындоого макулдугун берди. Алар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине сунушталган Улукбек Кочкоров жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көрсөтүлгөн Азамат Жаманкулов. Аларды Жогорку Кеңешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерлерди бекитүүнүн алдында экөөнө тең кийинки иш пландары тууралуу суроолор берилди.

Депутаттардын көпчүлүгүн буга чейин өкмөттү катуу сындап жүргөн Улукбек Кочкоровдун эмгек жана социалдык онугуу министрлик кызматына бара жатканы кызыктырды. Саясатчы министр болуу сунушу күтүүсүз болгонун билдирип, эми мурда өзү айткан кемчиликтердин үстүнөн иштей турганын убадалады.