Жогорку Кеңешке Раим Матраимов чакырылды (видео)

1981

Өлкөдөн чыгарылган миллиондордун чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын кийинки отурумуна бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чакырылды. Ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн ушул иш боюнча кесиптештери Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкуловго да суроолору бар экен.

Анткени алардын аттары журналисттик иликтөөдө аталган эле. Ал арада «Азаттыктын» жетекчилиги кабарчыларды, алардын жакындарын коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирди. Буга карабай иликтөө улантылууда дейт.