Жогорку Кеңеште 120 өлүк отурабы? (видео)

896

Премьер-министрликтен түшүрүлгөн Сапар Исаковдун парламент тууралуу айткан сөзү мыйзам чегинде териштирилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков билдирди. Кезексиз жыйын башталаары менен депутат Каныбек Иманалиев мурдагы өкмөт башчынын парламент саясий өлүккө айланды деген сөзүнө реакция жасоону талап кылды. Кечээ кечинде Сапар Исаков жергиликтүү телеканалдардын бири аркылуу депутаттарды принциби жок деп айыптады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат.