Жогорку Кеңеште административдик ресурс күчөгөнү айтылды (видео)

862

Жер-жерлерде административдик ресурс ачык эле иштеп жатат! Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнку жыйынында бир катар депутаттар айтып чыгышты. Студенттер менен мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин коркутуп «форма 2» кагазын толтуртуу, талапкерлердин жарнактарын жулуп салган учурлар болуп жатат, дешет эл өкүлдөрү. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинде дагы суроо жараткан жагдайлар бар болгондуктан, аларды Жогорку Кенешке чакырып угуу керектиги айтылды.