Жогорку Кеңеште Айтматовду окушту (видео)

679

Чыңгыз Айтматов калтырып кеткен баа жеткис мурас менен элибиздин рухий дүйнөсүн байытуу милдети турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда айтылды.

Иш-чарага окумуштуулар, адабиятчылар, парламенттин мурдагы депутаттары катышып, алардын айрымдары Айтматовдун касиети көзү өткөндө дагы тирүү адамдай тассир эте аларын айтып, залкар жазуучу жараткан чыгармалардын бир катар өзгөчөлүктөрүн чечмелеп беришти. Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин китепканасына Чыңгыз Айтматовдун китептери тартууланды.