Жогорку Кеңеште Бишкек мэриясынын иши сынга алынды (видео)

710

Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун, Москва көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу керек. Ал эми мурдагы Белинский көчөсүн толугу менен Манас проспектиси деп атоо зарыл. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды. Ошондой эле эл өкүлдөрү Бишкектин жолдорундагы тыгындарды азайтуу үчүн шаар бийлиги чечкиндүү чараларды көрүшү керектигин айтышты.

Андан тышкары өз ишине шалаакы мамиле кылган дарыгерди калкалаган соттор менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарына эки жылдан бери төш белги бербей жаткан Борбордук шайлоо комиссиясы сынга кабылды. Пленардык отурумдун ар кандай маселелер бөлүгүндө дагы кандай суроолор көтөрүлдү?