Жогорку Кеңеште эки жаңы депутат ант берди

836

«Республика-Ата Журт» фракциясынан Болотбек Ибраимжанов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалганына байланыштуу анын ордуна Тариэль Жоробеков келди. Ал буга чейин Талас районунун Долоно айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенген.

Дагы бир жаңы парламентарий Бактыбек Турусбеков Игорь Чудиновдун ордуна «Бир Бол» фракциясынан депутат болуп келди. Турусбеков буга чейин өкмөттүн аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 1 жума мурда Игорь Чудиновду депутаттык мандатынан ажыраткан. Буга Бишкек шаардык сотунун ага 5 миллион сом айып салган өкүмү себеп болгон.