Жогорку Кеңеште кайрадан кадр маселеси каралды (видео)

3616

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин бир күндө жактырып берди. Бул маселе талкууланып жатканда депутаттар Баткен областынын губернатору болуп 2 жыл иштеген Акрам Мадумаровго бир топ ыңгайсыз суроолорун жаадырышты.

Кээ бирлери Кыргызстан-Тажикстан чек ара маселесин чечүүдө анын тажрыйбасы жетишсиз болот деген кооптонуулар билдиришти. Айрымдары эми министрлер галстук тагынбаганы үчүн Акрам Мадумаровдон жеме уга башташабы, деп тамашага салышты.