Жогорку Кеңеште канча депутат болуш керек? (видео)

871

Жогорку Кеңешке 35 депутат эле жетет! Алардын дагы маянасын азайтып, баардык артыкчылыктарды жоюу зарыл. Дал ушундай демилге көтөрүлүп, учурда кол топтоо башталды. Мындай идеяны колдогондордун катары көбөйүүдө. Бирок депутаттардын санын азайтуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. Андыктан бул демилгени ишке ашыруу азырынча кыйын.

Ошентсе дагы жыйынга келбей, маселе чечпей туруп маяна алып жүргөндөрдү уяткаруу аракети көрүлүүдө. Кол чогултуп жаткандар демилге көтөрбөгөн, парламенттин отурумунда сөз албаган жана бир да жолу мыйзам долбоорун жазбаган 20дай депутаттын тизмесин түзүшкөн. Жарандык активисттердин кара тизмесине кимдер кирген?