Жогорку Кеңеште кворум жок, жалпы жыйындар эки аптага токтоду

850

Кворумдун жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга эми эки апта соң, шайлоодон кийин эле чогулмай болду. Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков 28-сентябрда пленардык жыйынга депутат аз келгенин айтып, ушундай чечимин жарыялады.

«Баарыбыз мыйзамдуулук деп жатабыз. Мен да мыйзамды сыйлашым керек. Каттоодон 59 эле депутат өтүптүр. Бул кворум жок дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан бүгүнкү жыйыныбыз бүттү. Эми сиздер менен комитеттерде, фракцияларда жолугушабыз. Анан шайлоодон кийин кайра чогулабыз», — деди ал.

Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. Жумасына эки жолу алар жалпы жыйынга чогулушу керек. 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө өкмөт өкүлдөрү да, депутаттар да учурда жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштерине катышып жүргөнү байма-кай кабарланууда.