Жогорку Кеңеште кылмышка шектүүлөрдөн күрөө алуу сунушу талкууланды

749

Кылмышка шектүү деп айыпталгандарды камагандын ордуна алардан күрөө алуу керек. Мындай демилге депутат Дастан Бекешевге таандык. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда иштеп жаткан жазык процессуалдык кодексинде баш коргоо чарасы катары күрөө коюу деген түшүнүк бар. Бирок ал дээрлик колдонулбайт, дейт эл өкүлү.

Алсак, акыркы 2 жылда эле тергөө абактарына 9 миң адам киргизилген болсо, бирөө да күрөө коюп чыккан эмес. Эгерде документ колдоо тапса, анда мамлекет убактылуу кармоочу жайында жаткандарга багууга кеткен каражатты үнөмдөй алат, дейт мыйзам долбоордун автору. Сунушталып жаткан күрөөнүн өлчөмү кылмышка жараша бөлүнгөн.