Жогорку Кеңеште паспорт тендери боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

823

Анда бул паспортту жасоо боюнча чуулгандуу иште УКМКнын отставкага кеткен төрагасы Идрис Кадыркуловдун катышы бар-жогун аныктоо зарыл, дешет эл өкүлдөрү.

Эске салсак, паспорт тендерине байланыштуу УКМК «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоо кызматынын жогорку кызматтагы 3 жетекчиси камакка алынып, мекеменин төрайымы Алина Шаикова кызматынан кеткен болчу. Тергөө шектүүлөр тендерде утуп чыккан компаниянын таламын талашканын айткан. УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов парламентте бул жаатта коррупциялык схема орун алганын билдирген.

Кечээ болсо Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, паспорт чыгаруу боюнча швейцариялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуштурганын айтып чыккан. УКМК да бул жолугушуу болгонун ырастап, бирок анда чет өлкөлүктөр менен мамлекеттик басмакана куруу боюнча гана сөз болгонун билдиришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.