Жогорку Кеңеште Терек-Сайдагы абал талкууланды

672

Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы кырдаалга байланыштуу парламент бир катар аткаминерди жазаламай болду.

Жогорку Кеңеш өкмөткө жер казынасын иштетүү комитетинин төрагасы эмес, анын орун басары Азизбек Ороковду кызматтан бошотууну сунуштады. Буга аткаминердин депутаттардын суроолоруна толук кандуу жооп бере албай койгону себеп болууда.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында Терек-Сайдагы жаңжал тиешелүү органдар кырдаалды алдын алуу боюнча жетиштүү аракет көрбөгөндүктөн келип чыкты. Акыркы окуядан кийин “Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясынын иши токтотулду. Ал эми бейбаштык кылган 15 жергиликтүү тургун камакка алынган.

Ошондой эле, депутаттар руданы сыртка ташууга тыюуу салууга же бажы төлөмүн киргизүүгө бут тосуп жаткан күчтөр болуп жатканын айтышты. Буга байланыштуу мыйзам долбоору 2014-жылы парламентте талкууланып, бирок колдоо таппай калган. Ал эми, кен казган компаниялар сыртка канча тоо тек чыгарып кеткени боюнча так маалымат жок.

Эскерте кетсек, өткөн аптада финансы полициясы Кытайга миң тоннадан ашык руданы саткан эки компанияга карата кылмыш ишин козгогон. Бул ишканалар эч кандай уруксаты жок кендерди казып, ташып келгени аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.