Жогорку Кеңеште вице-спикерлер көбөйөбү? (видео)

1587

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы расмий түрдө ишке киришкенден кийин, эки жума өтүп түзүмүн бекитти. Парламент экинчи жолу бул маселени карап, токтом кабыл алды. Ага ылайык, төраганын 3 орун басары пайда болуп, 8 комитет түзүлдү.

Бирок, ага бардык депутаттар канааттанган жок. Өзгөчө дагы бир кошумча вице-спикерлик кызматтын пайда болуп жатышы көп талаш-тартышты, суроолорду жаратты. Эл өкүлдөрү муну иштин көптүгү менен түшүндүрүштү. Андан соң депутаттар комитеттин төрагаларын шайлоого киришти.