Жогорку Кеңештен 30 миң доллар кантип уурдалган? (видео)

825

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка бөлүнгөн каражатты кымырып алды деп шектелген Жогорку Кеңештин кызматкери бүгүн соттун чечими менен эки айга тергөө абагында калтырылды. Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров УКМК тарабынан камакка алынган. Ал КМШнын парламент аралык Ассамблеясына сыйлык үчүн деп бөлүнгөн 2 миллион сомдон ашык каражатты уурдап алган деп шектелүүдө. Бул боюнча Башкы прокуратура бөлүм башчыга карата «ишенип берилген мүлккө ээлик кылуу», «документтерди жасалмалаган» деген беренелер боюнча кылмыш ишин козгогон.