Жогорку Кеңешти 80 жылдык мааракесин белгилөө сунушталды

669

Депутаттар парламенттин 80 жылдык мааракесин масштабдуу белгилөөнү сунушташты.

Мындай демилге менен эл өкүлү Алмазбек Эргешов чыкты. Анын айтымында, коомчулук алдында Жогорку Кеңештин аброюн жогорулатуу максатында чоң иш чараларды өткөрүү керек.

Илимий конференцияларды уюштуруудан тышкары, парламент тууралуу китеп чыгарып же фильм тартуу сунушталды.