Жогорку Кеңештин басып өткөн жолу жана учурдагы абалы (видео)

1062

Жогорку Кеңеш өткөн жумада өзүнүн 80 жылдыгын белгиледи. Мааракенин салтанаттуу бөлүгү Жогорку Кенештин отурумунда өтүп, бир катар депутаттарга медалдар, ардак грамоталар, төш белгилер тапшырылды. Ал эми кыргыз парламентинин тарыхы, мамлекетибиздин калыптануусуна кошкон салымы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу илимий-практикалык конференцияда сөз болду.

Бул жыйында жагымдуу сөздөр гана айтылбастан, азыркы парламентти катуу сындаган пикирлер дагы угулуп жатты. Жогорку Кенеш өзүнүн Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынан толук пайдаланбай, жалтак, эрксиз болуп калганы баса белгиленди. Парламентаризм жолун тандап алган өлкө үчүн бул албетте — акылга сыйбаган көрүнүш.

Советтик Кыргызстанда Жогорку Совет өкмөт менен партиянын чечимдерин мыйзамдаштырган формалдуу гана бийлик органы болсо, эгемен Республика түзүлгөндөн кийин мыйзам чыгаруучу орган мамлекеттин тагдырын чечкен, күчтүү бийлик бутагы болду эле. Бирок Кыргызстанды түптөгөн парламент бара-бара легендага айланып, андан кийинки Жогорку Кеңеш жыл өткөн сайын таасирин жогото баштаганын тана албайбыз.

Байыртадан эле «кеңешип кескен бармак оорубайт», деген элибиздин элитасы, бара-бара саясатты бизнеске айлантып отуруп азыркы күнгө келдик. Учурдагы депутаттарыбыз элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарын мындай кой өздөрүн коргой албай калган учурлар көп. Эми Жогорку Кеңештин таасири мындан ары дагы төмөндөп, ал илгерки Жогорку Советке айланганы калды. Болгондо дагы, парламент өзүнүн бийлигин өзү чектеп, Курултай жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга даяр турат.