Жогорку Кеңештин батасын алган талапкерлер (видео)

630

Жогорку Кеңештин депутаттары айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерликтерин карап, бир добуштан жактырышты.

Отурум учурунда «КТ Мобайл» компаниясына байланыштуу чырдан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматта өтүшү канчалык туура деген суроо койгон эл өкүлдөрү да болду. Айтымдарында, бул маселе көпчүлүктүн коалициясында каралышы керек болчу.