Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жардамчысы камакка алынды

667

Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, тайбокс боюнча федерациянын мүчөсү каракчылыкка шектелип жатабы? Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кол салууга даярданып жаткандар кармалып, алардан жасалма документтер табылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

20-майда «Тойота Карина» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Анда 4 адам болгон. Алардын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, мээлей, бет кап, зым жана башка буюмдар табылып, бардыгы кылмышка шектүү катары кармалды. Сурактын жүрүшүндө алар бирөөнүн акчасын тартып алуу үчүн кол салууга даярданып жатышканын мойнуна алышкан.

Бул факты боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды.