Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен маек (видео)

615

Апрель окуясынан кийин Кыргызстанда парламенттик шайлоолор 7 пайыздык босого менен өтүп келген. Эсиңерде болсо, 2010-жылы революциядан кийин бийликтин партиясы бери дегенде 65 мандатка ээ болот деп күтүлүп жатканда, оппозициялык партия 28 мандатка ээ болуп көбүнүн оозун ачырган.

Ал эми КСДП 26ны алып, жалпы 5 фракция Жогорку Кеңешке өткөн. Андан кийин 2015-теги шайлоодо алты партия озуп чыкты. Бийликтин партиясы 38 депутаттык мандат алып, биринчи орунду ээледи. Эми 9 пайыздык босого менен шайлоо өтсө, Жогорку Кеңешке канча партия өтүшү мүмкүн. Айрымдары көп дегенде үч саясий уюм келет деп боолголоп жатышат.