Жогорку Кенештин депутаты Канат Исаев 30-ноябрга чейин камакка алынды

949

Бүгүн Биринчи май райондук соту аскер сотунун имаратында эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын карап, жараян жабык өттү. Жыйынтыгында тергөө аяктаганга чейин Канат Исаев камакта калтырылды. «Кыргызстан» партиясынын лидери 30-сентябрда «массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Бүгүн анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратында каралаары айтылган. Ал жерге Исаевдин тарапташтары чогулуп, күтүп жатканда процесс аскер сотунун имаратына жылдырылды. Депутаттын тарапташтары ал жакка да барып, эл өкүлүн бошотууну талап кылып жатышты.