Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды

954

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Канатбек Исаев былтыр октябрь айынан бери камакта болчу. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иш боюнча коррупция айыбы коюлган. Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата «Коррупция» беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти «мөөнөтү өттү» деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, бул иш боюнча саясий активист Мелис Аспеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жолдогон. Анда былтыр бийликти басып алууга даярданган деген айып менен камакка алынган Аспеков, аны УКМКнын имаратында криминалдык чөйрөдөгүлөр менен тергөөчүлөр кысымга алып, Канат Исаев, Өмүрбек Бабанов жана башка саясатчыларга каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын айтып, чара көрүүнү суранган.