Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев каза болду

771

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурланбек Кадыкеев каза болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал кечээ күнү Стамбулдагы ооруканада инфаркттан улам көз жумган. Ал буга чейин ашказан оорусунан жапа чегип, Түркияда операция жасатып келгени да белгилүү болду.

Нурланбек Кадыкеев 1970-жылы Нарын областынын Кочкор районунда туулган. Ал буга чейин Макеев деген фамилия менен жүрүп, жакында гана Кадыкеев деп өзгөрткөн болчу.