Жогорку Кеңештин иштөө тартиби өзгөртүлөт (видео)

1717

Жогорку Кеңештеги 3 вице-спикерди жыл сайын же 2 жылда бир алмаштырып туруу зарыл. “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатканда депутат Надира Нарматова дал ушундай сунушун киргизди. Ал муну менен башка саясий бирикмелердин өкүлдөрү да төраганын орун басарлык кызматында иштеп, тажрыйба топтой алышат деп эсептейт.

Парламенттин иштөө тартибин жөнгө салган бул документте мажоритардык система боюнча шайланган депутаттар фракциядан чыгып кеткен учурда мандатынан ажыратылат деген берене киргизилген. Бул бир мандаттуу шайлоо округунан келген эл өкүлдөрүндө суроо жаратты.