Жогорку Кеңештин төрагасы менен депутат кайым айтышты (видео)

891

КСДП фракциясынын депутаты Асель Кодуранова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматынан кетти. Бул маселе парламенттин жалпы отурумунда каралып, ал жаңжал менен коштолду. Айрым депутаттар Асель Кодуранованы вице-спикерлик кызматынан чакыртып алуу маселеси күн тартибине мыйзамды одоно бузуу менен киргизилгенин айтып чыгышты.

Ал тургай, буга жол берген төрага Дастан Жумабековго «ишеним көрсөтпөө» керек деген да талаптар болду. Ал эми Асель Кодуранова өзү парламенттин трибунасында сөз сүйлөп, аны кызматтан чакыртып алуу боюнча КСДП фракциясынын чечимине нараазычылыгын билдирип, курч билдирүү жасады.