Жогорку Кеңештин төрагасы жакында алмашабы? (видео)

2539

Парламентте эки фракциянын лидери Жогорку Кеңештин төрагасы болууну эңсеп жатканы айтылууда. Ал эми Дастан Жумабековду кызматынан чакыртып алуу демилгесин көтөргөн депутат Исхак Масалиев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясына кайрылган. Эгер алар колдобосо, эл өкүлү башка фракцияларга да сунуштап көрөт экен.

Айтымында, Дастан Жумабеков спикерлик кызматка даяр эмес экенин көрсөтүп койду. Ал арада, бул демилгени колдобогон депутаттар да бар. Алар алтынчы чакырылыштын бүтөрүнө 6 ай калганда мындай кадамга баруу максатсыз дешет.