Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу демилгеси көтөрүлдү (видео)

1163

Депутат Исхак Масалиевдин Дастан Жумабековду Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетирүү демилгеси колдоо таба элек. Эл өкүлү бул сунушту бир жума мурда киргизгени менен аны кароого шашылган депутаттар деле байкалбайт. Айрымдары спикердин кемчиликтери бар экенин айтып, бирок кетирүүгө негиз жок, анын үстүнө 6-чакырылыштын иши аяктаарына 9 ай эле калды деп төраганы чакыртып алууга көңүлдонбой жатышат.

Ал эми демилгечи Исхак Масалиев болсо, Дастан Жумабеков төрагалыкка жаштык кылууда деп эсептейт. Мунун айынан, ансыз да сын токтобогон парламенттин аброю ого бетер түшүп жатат, дейт эл өкүлү. Чындыгында эле Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагаларынын эң жашы экен.

6 -чакырылышта 18 спикер болуптур. Анын арасында өз каалоосу менен кызматын тапшыргандар да, депутаттардын күчү менен түшүрүлгөндөрү да бар. Ар кандай жаңжалдарга аралашып спикерликтен айрылгандар да көпчүлүктүн эсинде болсо керек.