Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары күчөтүлөбү? (видео)

1043

Эми өкмөт башчыга гана эмес, башкы прокурор, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларына Жогорку Кеңеш катаал чара көрүү укугуна ээ болушу мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетине жөнөтүлдү. Документтин автору Кенжебек Бокоев өкмөт мүчөлөрүнө берилген канааттандырарлык эмес деген баа жөн гана кагаз жүзүндө калбашы керек деп билдирүүдө. Парламентарийдин айтымында, бир жылдык иши начар деп табылган жетекчи кызматтан кетиши керек.
Эксперттер да, бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине карата катаал жаза колдонулушу керек деп эсептешет. Бирок парламенттик көзөмөлдүн күчөшү менен, депутаттар тарабынан опузалоого дагы жол берилип калышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.