Жогорку Кеңештин жанына түкүрүп кеткен жаран түшүнүк кат жазды

850

Түкүргөндөргө киргизилген айып пулга каршылыгын билдирип, Жогорку Кеңештин дарбазасына түкүрүп кеткен жаран милицияга чакырылды.

Ал Ысык-Көл областынын Тоң районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Түндө ал Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, түшүнүк кат жазып кое берилген. Ал милициядан чыккандан кийин, парламенттин дарбазасына түкүргөнүн аткаминерлердин аракетине нааразылыгын билдирип, элдин үнүн жогору жакка жеткирүү үчүн жасаганын жана бул жоругу үчүн мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Буга чейин интернетте бир адамдын Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, бул үчүн 5500 сом айып пул төлөөгө макулмун деп акчасын көрсөткөн видеосу тараган.

1-январдан тарта күчүнө кирген кодекстин 71-беренесине ылайык «таштандыны атайын челектен башка жерге ыргыткандар, өрттөгөндөр жана түкүргөндөр» 5500 сом айып пул менен жазаланат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.