Жогорку окуу жайларда майыптар үчүн атайын шарттар түзүлөт

1783

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзүүгө милдеттендирилет. Мындай маңыздагы өкмөттүн токтому коомдук талкууга чыгарылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, шарт түзүү деген түшүнүккө майыптарды атайын окутуу программасы жана материалдар менен камсыздоо, жардамчыны бөлүп берүү жана имаратта кирип-чыгуу шарттарын түзүү кирет.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге дистанциондук окутууну киргизүү да каралып жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.