Жогорку сот БШКнын бардык чечимдерин күчүндө калтырууда

903

Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы президенттик шайлоого жүргүзгөн байкоолору боюнча кезектеги баяндамасында айтылат. Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыккан арыз-даттануулардын көбү талапкерлерди каттоо, кандидаттардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын үгүт эрежелерин бузуусу, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу сыяктуу маселелерге байланыштуу болууда.

Ал боюнча Боршайком кабыл алган корутундуларга нааразы тарап Жогорку сотко кайрылган учурда, БШКнын баардык чечимдери күчүндө калууда. Бирок фемида өкүлдөрүнүн өкүмдөрү расмий сайтка тандалып, кечигип жайгаштырылып жатат, дешет байкоочулар. Бул өз кезегинде шайлоодогу ачыктыкты аксатып жатканы айтылат ЕККУнун баяндамасында.