Жогорку сот көз каранды болбой калабы? (видео)

693

Жогорку соттун төрайымынын парламентке жыл сайын маалымат берүүсү — баш мыйзамга каршы келет. Бул боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнүп, Жогорку сот Конституциялык палатага кайрылды. Анда фемида өкүлдөрү депутаттар отчет алуу менен бийликтин башка бутагынын ишине кийлигишип жатат, деген пикирин билдиришүүдө. Өз кезегинде парламентарийлер муну менен макул эмес.

Алар мыйзам боюнча өздөрү дайындаган органдын өкүлдөрүнөн маалымат алуусу ашыкча болбойт дешет. Ошондой эле алар Жогорку соттун өздөрүнө караштуу Контитуциялык палатага кайрылуусу да түшүнүксүз деген пикирде. Бул боюнча эксперттердин пикири да эки ача болууда.