Жогорку сот менен Жогорку Кеңештин тиреши күч алды (видео)

847

Парламент Жогорку соттун төрайымынын аракетине баа берүүгө ниеттенүүдө. УКМКга чакырылган депутат Рыскелди Момбеков Гүлбара Калиеванын атайын кызматка жөнөткөн катынын мазмунунан кабары жок экенин айтууда. Эгерде ал жерде парламентарийди билдирүүсү үчүн кылмыш жазасына тартуу өтүнүчү жазылса, анда Жогорку соттун төрайымынын отставкасы тууралуу маселе көтөрүлөт, дейт депутат.

Буга чейин Рыскелди Момбеков соттордун айрым чечимдеринен карапайым калк кыйналып жатканын айткан. Андан көп узабай, эл өкүлү УКМКга чакырылган болчу. Мындан кийин бир топ депутаттар Жогорку соттун төрайымы эл өкүлдөрүнүн оозун жабууга аракет жасап жатканын айтып, парламент буга баа бериши керек деп чыгышты.