Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

677

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болду.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, Жогорку сот ишти кароону 16-июлга белгиледи. Юристтер бул иштеги негизги күбө — Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирип келишет. ​

Быйыл февралда партиянын юристтери жана «Адилет» укук клиникасы Өмүрбек Текебаев жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан. Анын негизинде 3-майда Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Быйыл 31-майда Текебаев саламаттыгына байланыштуу №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.