Камактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады

4993

Камактагы саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Мындай өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бир ай мурда кайрылган. Арыз ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга тапшырылган. Бирок азырынча Садыр Жапаровдун өтүнүчү карала элек.

Адвокат Шарабидин Токтосуновдун айтымында, президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия өткөн айда Жапаровдун туугандарын кабыл алып, экс-депутат ырайым сураса арызы карала турганын билдиришкен.

Эске салсак, Садыр Жапаров 6 жыл мурда Каракол шаарында Кумтөр маселеси боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кармалып, камакка алынган. Ошол эле жылы Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен барымтага алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Быйыл Жогорку сотто Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскарткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.