Жогорку соттун судьясы Осмоналиевдин байлыктары (видео)

1400

Кымбат баалуу имараттар, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттеждер, люкс-класстагы автоунаалар жана чет элдеги курорттордо 5 жылдыздуу мейманканаларда эс алуулар. Жумушунан башка киреше булактары жок болгон Жогорку соттун судьясы «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, фемида өкүлү мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында башка жарандарга каттатып келген.

Ал убагында Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча декретти жокко чыгарып, мамлекеттик казынага ири көлөмдө чыгым келтиргени да белгиленүүдө. Ал арада 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелгендердин биринин айыбын жеңилдетип, экөөнү актаган өкүм чыгарган Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков боюнча депутаттар күч түзүмдөрүнө кайрылышты.