Жогорку соттун төрайымы качан жоопко тартылат? (видео)

1637

Ноябрь айында эле Соттор кеңешинин тартип комиссиясына төрага болуп шайланган Замирбек Базарбеков Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Анын кызматтан жогорулашы менен аталган комиссиянын ишмердүүлүгү убактылуу токтоду. Себеби анда 9 мүчө болсо, үчөө шайлана элек.

Буга чейин мыйзам бузган сотторго карата чечим чыгарууда 6 фемида өкүлүнүн ыйгарым укуктары жетип келген. Эми аталган комиссиянын иши үзгүлтүккө учурашы менен мыйзамсыз ишке барган соттор жазаланбай калабы деген суроолор жаралууда. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында бир нече сотту кылмыш жообуна тартуу үчүн тартип комиссиясына кайрылганын билдирген болчу.