Жогорку соттун төрайымы тергөөчүлөрдү тоготпой жатабы? (видео)

1300

Жогорку cоттун төрайымы Гүлбара Калиева ден-соолугу начарлап, ооруканада дарыланууда. Ал 30-декабрда УКМКга күбө катары чакырылган. Бирок ал сурак жүргүзүүнү 4-январга жылдырууну суранганы менен кечээ дагы тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө барган жок.

Атайын кызмат Жогорку соттун төрайымы аларды тоготпой жатат деп эсептейт. Гүлбара Калиева ооруп калганына байланыштуу тартип комиссиясынын жыйыны да үзгүлтүккө учурады. Мындан улам аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунуштамасын кароо да кийинки убакытка жылдырылды.