ЖОЖдун мугалими 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

896

Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетинин мугалими 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлагандай, аларга жогорку окуу жайдын студенти кайрылган.

Ал дипломдук ишин даярдоо жана аны ийгиликтүү жактоо үчүн 1,5 миң доллар пара талап кылган кафедра башчысына карата чара көрүүнү суранган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мугалим студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Бул боюнча «коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» жана “кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.