Жок кылмышты ойлоп тапкан милиционерлер (видео)

702

Кылмыш иштеринин санын жасалма жол менен көбөйтүп, көрсөткүчтөрүн бийиктеткендерге карата 11 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Жакында эле көзөмөл органы Ички иштер министрлигинде текшерүү жүргүзүп, каттоого алынган 2 миңге жакын кылмыш иши чындыгында жок экенин таап чыккан. Ички иштер бөлүмдөрү 2010-2015-жылдары болгон кылмыш иштерин 2016-жылы дагы кайрадан каттап келген. Учурда бул боюнча иликтөө жүрүп жатат. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө Ички иштер министрлиги азырынча үн ката элек. Тартип сакчылары кылмыштын бетин ачуу менен алекпи же кагазды жасалма сандар менен толтуруудан колу бошобойбу?