Жол азабын тарткан элеттиктер (видео)

930

Чүй областынын Плодопитомник айылында бир нече жылдан бери жол маселеси чечилбей келет. Сокулук менен Беловодскту бириктирип турган трассага союз учурунда асфальт төшөлүптүр. Андан бери ал жолду аң-чоноктор басып калган. Жергиликтүү тургундар бул маселе боюнча үч жылдан бери тийиштүү мамлекеттик мекемелерге арызданып, кайрылбаган мекемеси калган эмес. Бирок жергиликтүү бийлик жолду оңдомок тургай, чуңкурларын бүтөп коюуга дагы чыгынбай жатыптыр.