Жол четинде турган аял дөңгөлөктүн астында калып каза тапты

4932

Бишкектин Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде бир аял маршруттук таксинин алдында калып каза тапты. Күбөлөрдүн айтымына караганда келин маршрутка күтүп, жол чекесинде турган. Ал буту тайып жыгылып түшкөндө, айдоочу байкабай калып, унаасын айдап жөнөгөн.

Анын кесепетинен 45-50 жаштардагы аял дөңгөлөктүн астында калган. Ал алган жаракаттарынан улам кырсык катталган жерде мурт кеткен. Учурда окуяны тиешелүү мекеме териштирип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.