Жол эрежесин бузган айдоочуларга 28-мартка чейин айып салынбайт

805

Жол эрежесин бузган айдоочуларга 26 — 28-мартка чейин айып пул салынбайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы муну системаны жаңы серверге өткөрүү иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрдү.

Ушуну менен Коопсуз шаар боюнча жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салуу экинчи жолу үзгүлтүккө учурап жатат.

Эске салсак, көчөлөргө орнотулган фото жана видео камералар 12-февралдан тарта ишке киргизилген. Бирок, эреже бузган унаа ээлеринен айып алуу ошол күнү эмес, 4-мартта гана башталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.