Жол эрежесин бузгандарга 800 миңден ашуун токтом жазылды

6633

Коопсуз шаар долбоору боюнча айып пулдан 457 миллион сом түштү. 4-марттан 19-ноябрга чейин жол эрежесин бузгандарга 800 миңден ашуун токтом жазылып, унаа ээлерине жиберилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Жалпы жазылган токтомдордун ичинен дээрлик жарымы боюнча гана айып төлөнгөн. Муну менен кошо эле Бишкек шаары менен Чүй областынын камера орнотулган жерлеринде жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлардын азайганы байкалган.

Мисалы, ордо калаада төмөндөө 45 пайызды түзүп, каза тапкандар болбоптур. Ал эми Чүйдө 50 пайыз азайып, бир адам көз жумса, жаракат алгандардын көрсөткүчү төмөндөгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.