Жол эрежесин бузгандарга айып салуу кайрадан күчүндө (видео)

616

Жол коопсуздугуна байланыштуу административдик кодекске киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирип иштей баштады. Тартип сакчыларынын айтымында, буга чейин талаш жаратып келген беренелер оңдолуп, азыркы шартка ылайыкташтырылды. Ага ылайык, караңгылатылган терезелер, ылдамдыктын белгиленген чеги, мас айдоочулар жана медициналык тастыктоодон баш тарткандарга колдонулуучу чаралар так аныкталды.

Өзгөртүүлөрдү кароодо коомчулуктун пикири да эске алынды, дешет жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү. Ага ылайык, тартип бузгандарга жалаң эле жазага тартылбастан, жоопкерчиликтүү айдоочуларга жеңилдиктер дагы берилет экен.