Жол эрежесин бузгандарга карата жаза күчөтүлөт

748

Бир жыл ичинде жол эрежесин үч ирет бузган айдоочулар автомектепке кайрадан окууга жөнөтүлөт. Ички иштер министрлиги административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү сунуштады. Ага ылайык, эрежени үч же андан көп жолу бузса, кайрадан окуп, экзамен тапшырууга туура келет.

Ошондой эле мыйзам-долбоору аркылуу транспорттук каражаттардын техникалык тейлөөсү, транспорттук экспедициялык жана башка ишмердүүлүк, жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо эрежелерин бузгандарга карата дагы айып пулдун көлөмү беш эсеге жогорулайт.

Мындан тышкары катуу ылдамдыкта айдагандар, токтоочу линиядан ашып кеткендер, светофорго баш ийбегендер жана коопсуздук курун тагынбагандарга карата да жаза күчөтүлөт.

Буга кошумча транспортунун абалы талапка жооп бербесе да, айдап жүргөндөр эми 2 миң сом штраф төлөйт.