Жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлдү (видео)

847

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кылмыш-жаза» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми жөө жүргүнчүнү сүзүп, жардам бербей качып кеткендер жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле, мас абалда унаа башкарууга уруксат берген адамдарга да жаза каралууда. Мыйзам боюнча, алкоголдук ичимдик ичип алып, унаа башкаргандар аварияга себепкер болуп, жарадарлар бар болсо 8ден 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.