Жол эрежесин бузуп, инспекторлорго баш ийбеген айдоочуга ок атылды

1080

Чүй областында жол эрежесин бузуп, инспекторлордун мыйзамдуу буйругуна баш ийбеген айдоочуга курал колдонулду. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, далысынын жогорку бөлүгүнөн жаракат алган айдоочу Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Окуя 12-октябрь күнү Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда «Дэу Нексия» патрулдук автоунаасы менен нөөмөттө турган учурда болгон.

Анда кечки саат 18:15 чамасында «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу телефон менен сүйлөшүп бара жатканын байкап, токтотууга буйрук бергени айтылат. Бирок айдоочу буйрукка баш ийбей инспекторлорду сүзүп кетүүгө аракет кылып, каршы тилке менен катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн.

Анын артынан Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык автоунаасы менен кубалап, үн күчөтүүчү атайын жабдык менен качып бараткан унааны токтотууну талап кылышкан. Асманга эскертүү огун атып, кийин арткы эки дөңгөлөккө атышкан.

Унаа токтотулгандан кийин айдоочу инспекторлордун буйругуна баш ийбей, милициянын куралын тартып алууга аракет кылгандан кийин дагы ок атылганы айтылат. Бул факт кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.