Жол эрежесин бузуу үчүн штраф дагы жогорулайт (видео)

786

Жогорку Кеңеш жол эрежесин бузгандарды айыпка жыгуу боюнча эки жээкке бөлүндү. Айрымдары азайтабыз десе, кээ бири көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Депутаттар тобу штрафты 50 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштап чыгышты. Демилге «Өнүгүү — Прогресс» фракциясына таандык. Бул үчүн Бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда.

Парламентарийлер муну менен катар эле мас абалында бир нече жолу кармалган айдоочулардын машинасын конфискациялоо керек дешет. Ошол эле убакта, парламенттин тармактык комитети тескерисинче, айыптын өлчөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоор даярдаган.